• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР ТИМ башчысынын орун басары Грециянын элчисинен ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 14-мартында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Грециянын Кыргызстандагы элчиси Эфталия Какиопулуну ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруусуна байланыштуу кабыл алды.

КР ТИМдан маалымат кызматы билдиргендей, Айбек Молдогазиев Эфталия Какиопулуну дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.

Тараптар алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды жана иш-чараларды, анын ичинде үстүбүздөгү жылы эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө карата көрүлүп жаткан даярдыктарды талкуулашты.

Тараптар кыргыз-грек мамилелеринин соңку мезгилде активдешүүсүн канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Эл аралык күн тартиби, анын ичинде Украинадагы кырдаалга карата саясий жана коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Министрдин орун басары А. Молдогазиев Кыргызстан Россия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү процессинин башталышын колдой турганын жана бул тараптардын, биринчи кезекте, ок атышууну токтотууга жана кризистен чыгууга өбөлгө түзө турган өз ара алгылыктуу чечимдерине тез арада жетишүүсүнө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз тарап эки тараптуу ишенимдүү мамилелерди чыңдоого даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий