• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сауд Аравиясы Кыргызстан менен мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-сауд мамилелеринин өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешти.

Элчи И.Аль-Ради 2022-жылы өткөрүлгөн маанилүү иш-чаралар, атап айтканда, Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын тышкы иштер министрлеринин өз ара расмий сапарлары, биринчи кыргыз-сауд бизнес форуму, Кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комитеттин үчүнчү жыйыны, ошондой эле ар кандай деңгээлдеги башка сапарлар тууралуу маалымат берди. Ошол эле учурда Сауд Аравиясынын дипломатиялык миссиясынын башчысы падышалыктын жетекчилигинин Кыргызстан менен мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенине ишендирди.

Өз кезегинде, министрдин биринчи орун басары А.Исаев кыргыз тарап эки тараптуу көп кырдуу кызматташтыкты чыңдоого өз ара даярдыгын билдирип, үстүбүздөгү жылы иш-чараларды жогорку деңгээлде сапаттуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, А.Исаев Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда Сауд Аравиясынын колдоосун жогору баалады.

Жолугушуунун соңунда министрдин биринчи орун басары А.Исаев Сауд Аравиясынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Валид Аль-Хурейжиге салам айтып, жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий