• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КР ТИМ башчысынын орун басары Италиянын КРдагы элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев КР президенти Садыр Жапаровго ишеним грамотасын тапшырганга байланыштуу Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Италиянын Кыргызстандагы элчиси Марко Альбертини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Молдогазиев Марко Альбертини кызматка расмий киришүүсү менен куттуктап, Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы көп тармактуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого багытталган элчинин жигердүү ишине ишенимин билдирди.

Дипломаттар Кыргызстан жана Италиянын тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилеринин жолугушууларынын жыйынтыгы боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга негизги көңүлдү бурушту.

Тараптар алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарлардын графигин, ошондой эле өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.

Мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү максатында өлкөнүн презентациясын өткөрүү маселелери өзүнчө талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу ишенимдүү мамилелерди чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий