• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР ТИМ башчысынын орун басары Корея элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4-августунда КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун өнүгүү динамикасы менен канааттанып, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын спикери Пак Бён Соктун Кыргызстанга болгон расмий иш сапары парламенттер аралык өз ара аракеттенүүгө жана жалпысынан кыргыз-корей эки тараптуу мамилелерине жаңы дем бергендиги шексиз экендигин белгилешти.

Эки тараптуу, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелери талкууланып, ошондой эле дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында кыргыз-корей байланыштарын жаңы сапаттуу деңгээлге чыгаруу контуру белгиленди. Тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги визиттер менен алмашуу маанилүү экендигине басым жасашты.

А. Мадмаров элчи Ли Вонджэге жумушка орношууга уруксат берүү тутумунун (EPS) алкагында эмгек келишимдерди мурда алган КРдин жарандарынын Корея Республикасына кирүү маселесин оңунан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды. Кореянын элчиси бул маселе Кореядагы жана Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен карала тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий