• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР ТИМ башчысынын орун басары Молдогазиев Кытай элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-январда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай мамилелеринин ортосундагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Тараптар маанилүү саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык окуяларга бай 2022-жылдын жыйынтыгына жогорку баа беришти. Ошондой эле 2023-жылга карата эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү пландары боюнча пикир алмашты.

Мындан тышкары, транспорт, коммуникациялар, айыл чарба жана башка тармактарда, биргелешкен экономикалык долбоорлорду алга илгерилетүүгө, ошондой эле кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ишин коронавирустук эпидемияга чейинки деңгээлге чейин калыбына келтирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий