• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ТИМ башчысынын орун басары Пакистандын элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-апрелде КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Сардар Азхар Тарик Хан менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде саясий байланыштарды андан ары жандандыруу жана активдештирүү үчүн Тышкы иштер министрликтери менен эки мамлекеттин жетекчилигинин ортосундагы иш сапарларды уюштурууну талкуулашты.

Министрликтер аралык кезектеги консультацияларды, ошондой эле соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын үзгүлтүксүз өткөрүү маселеси сүйлөшүлдү. Мындан тышкары, Кыргызстандын ачык деңизге чыгуу үчүн Пакистандын Карачи жана Гвадар портторун пайдалануу келечегин жана «CASA-1000» долбоорун илгерилетүү маселесин талкуулашты.

Пакистандын элчиси С.А.Тарик Хан министрдин орун басары А.Артыкбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий