• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР ТИМ башчысынын орун басары Вьетнамдын элчисинин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Вьетнам Социалисттик Республикасынын элчиси Фам Тхай Ньы Майдын ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрдин орун басары Фам Тхай Ньы Майды элчи кызматына киришүүсү менен куттуктап, анын бул кызматка дайындалышы кыргыз-вьетнам мамилелеринин өнүгүшүнө түрткү берерине ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле кызматташууну активдештирүүнүн келечеги, атап айтканда, эки өлкөнүн ортосундагы Эркин соода аймагы жөнүндө ЕАЭБ жана Вьетнам ортосундагы макулдашууну эске алуу менен соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүүнүн, өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн, кыргыз-вьетнам ТИМдер аралык консультацияларды жана ар түрдүү деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүнө токтолушту.

Вьетнам элчиси өз кезегинде министрдин орун басарына ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелерди активдештирүү жана эки тарапты кызыктырган тармактарда олуттуу натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий