• 80.18
  • 78.86
  • 1.37

КР ТИМ башчысынын орун басары жана БУУнун башкы катчысы кызматташтыкты талкуулады

847 кароо Саясат 0

Бишкек, 09.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерреш менен кызматташтык талкуулады. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча Келишимдин 10-Обзордук конференциясынын алкагында болуп өттү.

Министрдин орун басары Д.Кемелова Кыргызстандын Уюмга киргендигинин 30 жылдыгын белгилеп, КР президенти С.Жапаровдун Кыргызстан менен БУУнун мындан аркы кызматташтыгынын келечеги тууралуу кайрылуусун тапшырды.

КР ТИМнин өкүлү БУУнун башкы катчысына КР президенти С.Н.Жапаровдун БУУнун башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн Нью-Йоркко боло турган иш сапары, ошондой эле негизги тышкы саясий демилгелери, атап айтканда, тоолорго байланыштуу күн тартибин илгерилетүү жана куралсыздануу жана массалык кыргын салуучу куралды таркатпоо жаатындагы билим берүү боюнча маалымат берди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Чолпон-Атада өткөн Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун жыйынтыктары да козголду. Атап айтканда, Д.Кемелова аймактагы интеграциянын оң динамикасын белгилеп, Борбор Азия мамлекеттери тарабынан бир катар маанилүү документтердин, анын ичинде 21-кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү боюнча достук, жакшы коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин кабыл алынганы тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча жардамчысы Мирослав Енча жана Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) Нью-Йорктогу кеңсесинин башчысы Лиджия Норона менен өзүнчө жолугушуулар болуп, анын жүрүшүндө дүйнөлүк коомчулуктун алдында турган заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды жеңүү жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкты арттыруунун перспективдүү жолдору боюнча пикир алмашылды.

Пикир

Оставить комментарий