• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР ТИМ чек арадагы чырга байланыштуу Тажикстанга нота жөнөттү

Саясат 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Тажикстандын жарандары тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абалды туруксуздандырууга алып келүүчү уланып жаткан деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерге байланыштуу тажик тарабына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кезектеги нота тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 9-январынан 10-январына караган түнү Кыргызстандын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде болгон инцидентке байланыштуу КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тажик жарандары тарабынан ок атуучу курал колдонулгандыгына, ошондой эле кыргыз жарандарынын автотранспорттук каражаттарына таш ыргытылгандыгына байланыштуу тынчсыздануу билдирилген.

Мындан тышкары, КР Тышкы иштер министрлигинде Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси менен сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Тажикстан Республикасынын жарандары тарабынан мындай аракеттерди болтурбоого көңүл бурулду жана абалды мындан ары күчөтпөө максатында кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу талабы билдирилди.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак ИИМден билдиришкендей, 9-январдан 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк тилкеси аркылуу өткөн "Ош-Баткен-Исфана" унаа жолунда Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну М.Сга таандык болгон "Хонда Одиссей" үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкаланган.

"Ошол эле күнү саат 01:10 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Кара тилкеси аркылуу өткөн "Ош-Баткен-Исфана" унаа жолунда Баткен районунун Достук айылынын тургуну 25 жаштагы М.Шга таандык болгон "Фольксваген Гольф-4" үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары таш ыргытышып, унаанын терезелерин талкалашкан. Аталган окуя Баткен райондук милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иш чаралары, териштирүү, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришкен ИИМден.

Саат 02:40 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз ок атуучу куралдан ок атылган. Азыркы учурда ок атуучу куралдан жаракат алып, кайрылган атуулдар жок. Түндө Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары (балдар жана аялдар) ошол эле айылда жайгашкан орто мектептин имаратына убактылуу көчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий