• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР ТИМ Чолпонбек Сыдыковдун саламаттыгына зыян келтиргендерди жоопкерчиликке тартуу аракетин көрөт

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Казакстанда буттары жана кабыргалары сынган абалда табылган Чолпонбек Сыдыковдун саламаттыгына зыян келтиргендерди жоопкерчиликке тартуу аракети көрүлөт. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда министрлик Казакстан тарап менен Кыргызстандын жараны Чолпонбек Сыдыковго байланыштуу окуянын бардык жагдайларын тактоо жана анын ден соолугуна оор залал келтирген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, Казакстанда жоголгон кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун эки буту жана үч кабыргасы сынган абалда табылган. Ал ур-токмокко кабылганын айтып, сөөктөрүнүн сынганын дароо каттоого алууну суранган.

Кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков учурда Бишкекке келе жаткандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий