• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР ТИМ Ирактан кыргызстандыктардын балдарын алып келүү маселеси боюнча комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын өкүлдөрү Иракка барып, ал жактан кыргызстандыктардын балдарын алып келүүгө даяр. Бул тууралуу маалымат жыйында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтымында, бул маселеде Кыргызстанга БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) ж.б. өнөктөштөр жардам көрсөтүүдө.

"Учурда ага Ирактын аймагындагы кырдаал тоскоол болуп жатат. Биз расмий чакырууну күтүп жатабыз. Биздин эксперттер барып, ишти баштоого даяр", - деди ал.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Чыңгыз Айдарбеков "Кабар" агенттигине берген маегинде Ирактан 70ге жакын баланы алып келүү пландалып жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий