• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Индиянын ишкерлери Кыргызстанда чакан мейманканаларды курууга кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында кечээ, 6-сентябрда КР Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий департаментинин директорунун орун басары Рахман Аданов Индиянын Экономикалык соода уюмунун (IETO) президенти Асиф Икбал баштаган Индиянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бул иш-сапар КР Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Индиядагы элчилиги тарабынан уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Р.Аданов Кыргызстандын жетекчилиги менен министрлер кабинети тарабынан инвестицияларды жана бизнести коргоо боюнча көрүлүп жаткан кадамдарды айтып берди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономика чөйрөсүндөгү мыйзамдарына киргизилген бир катар өзгөртүүлөр жана инновациялар тууралуу айтты. Ошондой эле Индиянын бизнес өкүлдөрүнө КР Тышкы иштер министрлигинин экономикалык дипломатияны илгерилетүү боюнча жүргүзгөн иштери тууралуу маалымат берилди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз экспортун, атап айтканда Индиянын рыногуна жеткириле турган органикалык айыл чарба продукциясы боюнча маселелер көтөрүлдү. Сүйлөшүүнүн дагы бир өзүнчө темасы Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү маселеси болду.

IETOнун президенти А.Икбал маалымдагандай, индиялык делегациянын өкүлдөрүнө төмөнкүлөр өзгөчө мааниге ээ: жездин жана органикалык айыл чарба продукцияларынын (бал, кургатылган жемиштер ж.б.) импорту, чакан мейманканалардын курулушу, алкоголдук ичимдиктердин сатылышы ж.б. Ал билим берүү тармагындагы кызматташууга болгон кызыкчылыгын да билдирди.

Бул иш-сапардын алкагында индиялык ишкерлер Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана жеке структураларынын өкүлдөрү менен да жолугушууларды өткөрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий