• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР ТИМ өкүлү менен Нидерланд элчиси кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Кечээ, 31-мартта КР Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директорунун орун басары Руслан Бекболотов Нидерланддын Кыргызстандагы элчиси Андре Карстенс менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Нидерланддын ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо максатында келишимдерди жана жакынкы келечекке пландарды ырааттуу ишке ашырууга умтуларын ырасташты.

Тактап айтканда, Тышкы иштер министрликтер аралык консультациялардын экинчи раундун жана жогорку деңгээлдеги сапарларды даярдоо жана уюштуруу, ошондой эле 2022-жылы эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Айыл чарба, жашыл экономика, курчап турган чөйрөнү коргоо, энергетика жана билим берүү тармагында биргелешкен иштерди активдештирүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү өзүнчө талкууланды.

Тараптар ошондой эле эл аралык күн тартиби, анын ичинде коопсуздук маселелери жана Украинадагы кырдаал боюнча пикир алышты. Директордун орун басары Р.Бекболотов ар кандай чыр-чатакты саясий жана дипломатиялык жол менен гана сүйлөшүү аркылуу чечүү зарылдыгын белгилеп, Кыргызстан жалпы таанылган эл аралык укук нормаларына жана принциптерине, анын ичинде мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүнө берилгендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий