• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР ТИМ өкүлдөрү жана Казакстандын элчилиги чек ара кызматташтыгын талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 15.03.18. /Кабар/. КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова күн мурун Казакстандын КРдеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокребаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, Кемелова Кокрекбаевди жогорку жана жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.
Тараптар алдыда күтүлүп жаткан бир катар эки тараптуу жогорку жана бийик жолугушуулар тууралуу маселелерди талкуулашты.
“Өзгөчө көңүл чек ара маселеси боюнча кызматташууга бөлүнөт. Анын ичинде “Ак-Жол”, “Кеңбулун” жана “Токмок” көзөмөл-өткөрмө жайларынын ишин жакшыртуу. Суу-энергетика, маданий-гуманитардык алака, ошондой эле эки өлкө ортосундагы туризмди өнүктүрүү”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий