• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ТИМ Казакстанда Жогорку Кеңештин депутатынын кармалышын ырастады

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.02.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Казакстанда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынан депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кармалышы тууралуу маалыматты ырастады.

“Кабар” агенттигине КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, чындыгында кармалган төртөөнүн арасында Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

“Эл өкүлү Казакстандын бажы ишмердигиндеги коррупцияга каршы күрөшүү боюнча компетенттүү органдары аткарган атайын операциянын алкагында кармалган”, - деп түшүндүрүштү тышкы саясат ведомствосунан.

Учурда Кыргызстандын ТИМи коңшу мамлекеттеги кесиптештеринен кармоонун чоо-жайы тууралуу расмий билдирме күтүүдө.

Эскерте кетсек, Дамирбек Асылбек уулу өткөн жумада кармалган. ЖМКлардагы маалыматка ылайык, ал эки айга камалган.

Пикир

Оставить комментарий