• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

КР ТИМ кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу үн катты

Саясат 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Авазбек Атаханов 2022-жылдын 3-июнунда Тажикстан Республикасы менен чектешкен Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы тилкесинде болгон чек ара чатагы жана анын жүрүшүндө Кыргызстандын эки аскер кызматкери – сержант Б.Сүйүнбек уулу жана ефрейтор З.Жалилов оор жаракат алгандыгы тууралуу комментарий берди.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна алып келиши мүмкүн болгон шарттарды келечекте түзбөө боюнча жетишилген макулдашууларды аткаруу зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позициядан келет.

Ошону менен бирге ал бардык проблемалар саясий жана дипломатиялык жолдор менен гана чечилиши керектигин баса белгиледи.

Авазбек Атахановдун айтымында, тараптар келечекте эки тараптан тең жарандардын жана аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келиши жана эки элдин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан жакшы коңшулаштык мамилелерди бузушу мүмкүн болгон кагылышуулардын ар кандай сценарийлерин болтурбоо үчүн чек ара маселелерин чечүүдө конструктивдүү жана боорукер маанайды түзүүгө өз ара аракет кылышы керек.

Пикир

Оставить комментарий