• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР ТИМ Лас-Вегастагы атышууда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар бар жоктугун тактоодо

Дүйнө 0

Бишкек, 04.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. КРнын Тышкы иштер министрлиги Лас-Вегастагы атышуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар же жок экендигин тактоодо.

ТИМнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, учурда аталган окуядан жабыркаган кыргыз жарандары тууралуу эч кандай маалымат жок.

“Учурда АКШнын тиешелүү кызматы тарабынан Невада штатында каза болгондордун жана жабыркагандардын тизмеси такталууда”,-деп билдиришти басма сөз кызматынан.

КРдин АКШгы элчилиги окуяны көзөмөлдөп, тиешелүу органдар менен тыгыз байланыштуу болууну улантууда.

Эске сала кетсек, жекшемби күнү кечинде Mandalay Bay мейманканасынын айланасына кантри музыкасынын фестивалына чогулган адамдарга отелдин 32-кабатынан куралчан адам Стивен Пэддок ок чыгара баштаган. Кийин ал өзүн-өзү өлтүргөнү маалымдалган.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу бул чабуулга жоопкерчилик алганын билдиргени менен расмий өкүлдөр азырынча Пэддокту террордук топко байланышы бар экендигин аныктай элек.

Пикир

Оставить комментарий