• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР ТИМ: Саат 12:00гө карата 24 мамлекетте шайлоо тилкеси ачылды

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17./Кабар/. Бишкек убактысы боюнча саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча 24 мамлекетте шайлоо тилкеси ачылган. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шайлоо тилкеси РФда (Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург шаарларында) Япония, Корея, КЭР (Пекин, Гуанчжоу) Малайзия, Индия, Пакистан, Казакстан (Астана, Алмата) , Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстанда ачылган.

Ошондой эле шайлоо комиссиясынын тилкелери Азербайжан, БАЭ (Абу-Даби, Дубай), Иран, РФ (Москва, Санкт-Петербург), Беларусия, Түркия, (Анкара, Стамбул), Сауд Арабиясы, Кувейт, Украина, Швейцария, Бельгия, Австрия, ГФР (Берлин, Бонн, Франкфурт) ачылган.

Консулдук каттоодо туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшырган Кыргызстандын жарандары шайлоо жараянына катышып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий