• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР ТИМ: Самудинов жана Молдокадырова АКШнын атайын кабылдамасында, эч кандай даттануулар жок

Коом 0

Бишкек, 9.11.17 /Кабар/. КСДПнын жаштар канатынын мурдагы лидери Ренат Самудинов жана анын жубайы, мурда КТРКда иштеген Эльнура Молдокадырова атайын кабылдамада жана бул жарандардан эч кандай даттануулар түшкөн эмес, -деп билдиришти КР ТИМ басма сөз кызматынан.

Буга чейин 2017-жылдын 19-октябрында КРнын АКШдагы элчилигине АКШ чек ара кызматынан 18-октябрда Кыргызстандын жарандары Самудинов жана Молдокадырова кармалганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Кыргызстандын жарандарынын кармалышынын себебин, ошондой эле аларды атайын жайда кармоо шарттарын аныктоо үчүн элчиликтин кызматкерлери АКШнын Чек ара кызматы жана Иммиграциялык кызматы менен байланышкан. Бул жарандардын АКШга кирүүгө уруксат документтери жок экенин такташты. Ошондой эле, кирери менен алардын саясий башпаанек берүү өтүнүчү менен кайрылгандыктары белгилүү болду. Учурда бул маселе АКШ иммиграциялык сотунун кароосунда турарын ТИМден билдиришти.

Консулдук жардам көрсөтүү үчүн кармалгандар менен сүйлөшүү аракети учурунда кезектеги кызматкер КР элчилигинин байланыш маалыматтарын жазып алып, КР жарандарына берерин билдирген. Ошол эле учурда бул жарандар кандайдыр бир маселелер боюнча Вашингтондогу КР элчилигине кайрылышкан эмес.

Пикир

Оставить комментарий