• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР ТИМ: Түркияда октон каза болгон жигиттин сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча иштер жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.07.19./Кабар/. Түркиянын Аланья шаарынын көчөлөрүнүн биринде октон каза тапкан кыргызстандык жигиттин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 7-июлунда М.И., аттуу Кыргызстандын жараны белгисиз адам тарабынан өлтүрүлгөн. Түркиянын тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан кылмышка шектүү катары Түркия республикасынын жарандары кармалган. Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүүдө. Кылмыштын чоо-жайы такталып жаткандыгы кабарланды.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан маркумдун сөөгүн «Анталя-Стамбул-Бишкек» маршруту аркылуу мекенине жөнөтүү боюнча тийиштүү документтер даярдалууда.

Эскертке кетсек, 7-июль күнү эртең менен Түркиянын Аланья шаарында 23 жаштагы кыргызстандык жаран бир киши менен сөз талашып, ортодогу чырдан улам ага ок атылган. Күбөлөр тез жардам чакырышкан. Бирок тез жардам келгенче жабыр тарткан адам жан берген.

Пикир

Оставить комментарий