• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ТИМ: Тажикстан ТИМ башчысынын орун басарынын пикири дипломатиялык этикага жооп бербейт

Саясат 0

Бишкек, 19.09.22./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын 19-сентябрындагы Тажикстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоминин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча брифингинде берген маалыматы менен таанышты.

"Мындай жогорку деңгээлдеги дипломаттын чет мамлекеттин ички саясаты жөнүндө кесипкөй эмес жана ойлонбостон айткан пикири, анын ичинде кандайдыр бир сегрегация саясатын жүргүзүүгө орунсуз шилтеме берүүсү, чындыкка жана дипломатиялык этиканын элементардык нормаларына жооп бербейт. Чындыкка дал келбеген, бурмаланган жана жалган маалыматтардын жыйындысы болгон ачыктан-ачык чагымчыл билдирүүлөр ырастоону талап кылбаган бүтүм катары берилүүдө.

Ошону менен бирге, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгы Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагын куралдуу күч колдонуу менен басып алууга негиз болбош керек.

Тажик тараптын дүйнөлүк коомчулукту адаштырууга болгон бардык олдоксон жана эпсиз аракеттерине карабастан, Тажикстан Республикасынын эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерин жана нормаларын бузуу менен Кыргыз Республикасына каршы гумандуулукка жатпаган куралдуу агрессиясы факт бойдон калууда", - деп айтылат КР ТИМдин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий