• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ТИМ Тажикстандын тышкы саясий ведомствосунун билдирүүсүн "чагымчыл аракет" деп эсептейт

Саясат 0

Бишкек, 22.09.22./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин тараптардын ортосунда чоң күч-аракет менен сакталып жаткан тынчтыкты бузууга жасаган кезектеги аракеттерине каршы чечкиндүү нааразычылык билдирет.

КР ТИМдин билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

"Өзүнүн негизсиз айыптоолору менен бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун алдында толугу менен өзүн өзү дискредитациялаган Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн чагымчыл аракет деп эсептейбиз.

Кыргызстанда «тажик жарандарын жана этникалык тажиктерди куугунтуктоо саясаты» бар деген тажик тарабынын жалган маалыматы таптакыр орунсуз жана Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү чындыктан алыс экендигин жана аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасындагы иштердин абалы жөнүндө эч кандай түшүнүгү жок экендигин көрсөтүп турат.

Мисалы, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын 22-сентябрында «Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын кабарчысы, этникалык тажик Насибахон Давронбекованын сабалгандыгы тууралуу билдирип, кийин тажик тарап бул кабарды шашылыш түрдө оңдоп-түздөгөн. Бирок Facebook социалдык тармагында Даврон Хотам аттуу колдонуучунун билдирүүсү жарыяланып, анда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө анын улуту жана жынысы боюнча маалыматтарды өзгөртүп, Кыргызстандын укук коргоо органдарын каралоо үчүн аны саясий максатта пайдаланганын билдирген. Бул жалган маалымат фактысы мындан башка бардык билдирүүлөр да фейк экенин тастыктайт.

Ошону менен бирге, Тажикстан Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандарынан жана этникалык кыргыздардан Тажикстан Республикасынын күч органдарынын кызматкерлери түшүндүрмөсү жок эле мамлекеттен чыгып кетүүсүн талап кылган учурлар менен кайрылып жатышат. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары тарабынан кыргыз жарандарына басым көрсөтүү фактыларынын күчөшү белгиленип жатат.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар этникалык кыргыздардын жана Тажикстандагы башка улуттардын абалы жөнүндө иликтөө жүргүзүүсү ылайыктуу болмок. Алар Тажикстанда этникалык дискриминация жана адам укугун бузуу фактыларын жетишерлик аныктап чыгышмак.

Кыргызстан тарабынан аба мейкиндиги бузулгандыгы тууралуу тажик тараптын билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Жетишилген макулдашууларга карабастан, тажик тарап дрондорду колдонууну улантууда жана алар Тажикстандын аймагынан учуп келип, Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп жатышат. Мисалы, 2022-жылдын 20-сентябрынан 22-сентябрына чейинки мезгилде Баткен облусунун «Кызыл-Бел-автожол» чек ара өткөрүү пунктунун аймагында жана Ош облусунун Алай районундагы Найман-Ашуу ашуусунда Тажикстандын учкучсуз учагы бир нече жолу байкалган.

Тажикстандын Бишкектеги Элчилиги боюнча айтсак, 1961-жылдагы Дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясына ылайык, кыргыз тарап өзүнүн эл аралык укуктук милдеттенмелерин толугу менен жана ак ниеттүүлүк менен аткарып жатканын баса белгилейбиз. Ошол эле учурда, Тажикстандын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн кызматкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн же мүлктөрүнүн коопсуздугуна байланыштуу кандайдыр бир кооптонуулар бар экендиги тууралуу кайрылуулар келип түшкөн эмес. Бул дагы бир жолу тажик тараптын коомдук мейкиндикке таштаган жасалма билдирүүлөрүнүн аныктыгы күмөн экенинен кабар берет.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жалган маалыматты колдонуу менен Тажикстандын жарандарынын аң-сезимин жалган жалаа менен манипуляциялоону, сабырсыздык, жек көрүү жана кастык маанайды түзүүнү жана жасалма истерияны токтотууну тажик тараптан талап кылат".

Пикир

Оставить комментарий