• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ТИМ: Бүгүнкү күндө Украинанын аймагында Кыргызстандын 60тан ашык жараны бар

Коом 0

Бишкек, 19.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинанын аймагынан эвакуацияланган кыргызстандыктар жөнүндө маалымат берди.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Украинанын аймагынан чыгып, үчүнчү өлкөлөрдүн аймагында жүргөн кыргызстандыктарды эвакуациялоону уюштуруу үчүн Польшага жөнөтүлгөн дипломаттардын ыкчам тобу мекендештерди мекенине алып чыгуу иштерин улантууда.

Польша тарабы менен бул маселени иштеп чыгуунун жыйынтыгында, 2022-жылдын 19-мартында Бишкекке кезектеги чартердик каттам келди, анын бортунда Украинанын аймагынан Польшага кеткен 95 Кыргызстандые жараны (анын ичинде аялдар жана балдар) болгон.

Бул КРнын Тышкы иштер министрлиги польша тарабы жана жарандардын мекенине кайтып келүүсүн уюштурууга көмөктөшүүчү Европалык чек ара кызматынын «Фронтекс» агенттиги менен биргеликте уюштурган экинчи эвакуациялык каттам.

19-мартта Кыргызстандын 43 жараны Чехиядан Ошко, 35 Кыргызстандын жараны Прага-Стамбул-Бишкек багыты боюнча Прагадан Бишкекке учуп келди.

Бул каттамдарга кыргызстандыктар үчүн билеттерди Миграция боюнча эл аралык уюмдун миссиясынын Прагадагы өкүлчүлүгү сатып берген.

12-18-март күндөрү Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин көмөгү менен Украина-Польша мамлекеттик чек арасынан КРнын 34 жараны өткөн, алар тууралуу маалымат Польшада жайгашкан жана жарандардын Кыргызстанга кайтып келүүсүн уюштурган КРнын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнө берилген. Кошумчалай кетсек, бир мекендешибизге ү.ж. 12-мартында эл аралык уюм аркылуу билет сатып алууга жардам көрсөтүлүп, Бухарест-Стамбул-Бишкек рейси менен мекенине аман-эсен кайтып келди. Ошондой эле 5 жаран Молдовага жеткирилген. Отчеттук мезгилде Элчилик консулдук кызматтарды көрсөткөн. Ошентип, 2 мекенине кайтуу күбөлүгү (МКК) берилип, 5 персоналдык иденцификациялык номер (ПИН) дайындалды. Ошондой эле 2 үй-бүлө согуш жүрүп жаткан аймактардан эвакуацияланды, алар азырынча Украинада калуу каалоосун билдиришкен.

Министрлик жана элчилик Кыргызстандын жарандарын Польшадан, Чехиядан эвакуациялоо, ошондой эле Украинанын согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларында жүргөн кыргызстандыктарды коопсуз аймактарга чыгаруу боюнча иштерди улантууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өнөктөштөрү менен биргеликте Кыргызстандын 718 жаранына Украинадан чыгып кетүүгө жардам көрсөтүштү.

Кыргызстанга 528 жаран жеткирилген, анын ичинен 60тан ашуун жаран Молдова жана Түркия аркылуу өз мекенине кайтып келишкен, алардын көпчүлүгүнө консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан жарандарды документтештирүү иштери жүргүзүлдү, калган жарандар коопсуз аймактарда: Польшада, Румынияда, Венгрияда, Словакияда, Молдовада, Германияда, Түркияда жайгашууда.

Бүгүнкү күндө Украинанын аймагында Кыргызстандын 60тан ашык жараны бар. Элчилик Украинада калган жарандар менен байланышта, алардын көбү жашаган жеринде калуу каалоосун билдиришүүдө. Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында жабыркагандар жок.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын дагы эскертип кетебиз.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:
+380997573413,
+380442370346,
+380442370348,
ошондой эле элчиликтин WhatsApp тобу;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;
+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.

Пикир

Оставить комментарий