• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР ТИМ: Өзбекстандын президенти жакынкы күндөрү Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет

Саясат 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакынкы күндөрү Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Бирок, Кулубаев Өзбекстандын президентинин келишинин так датасын айткан жок.

Анын айтымында, мамлекеттик сапарды талкуулоо 2022-жылдын ноябрында Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норовдун Кыргызстанга болгон расмий сапарынан кийин башталган.

“Өзбек кесиптешимдин иш сапарынын жүрүшүндө күн тартибинин деталдары талкууланып, сапарга чейин иштеп чыгуу зарыл болгон бир катар маселелер белгиленген. Сапар 2022-жылга пландалган. Бирок, климаттык кырдаалга жана ички процесстерге байланыштуу өзбек тарап сапарды кийинкиге жылдырууну суранган. Бүгүнкү күндө тиешелүү тармактык органдар тарабынан иш-чаранын конкреттүү даталары такталып жатат. Биз эң жакынкы арада жолугушуу өткөрүүнү пландап жатабыз”, - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 9-декабрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери маалымдалган. Кийинчерээк КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары кийинкиге жылдырылган. Визиттин алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий