• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР ТИМ жарандарды Тажикстанга убактылуу барбай турууга чакырды

Саясат 0

Бишкек, 30.09.22./Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Тажикстанга убактылуу барбай турууга чакырды.

Кыргыз Республикасынын жарандарын Душанбе шаарындагы эл аралык аэропорттон кармап, Тажикстандын аймагына негизсиз киргизбей жаткан учурлар көбөйүп жаткандыгына байланыштуу министрлик төмөндөгүлөрдү белгилейт:

"2022-жылдын 30-сентябрына чейин кыргыз тарабы тажик тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстандын аймагына кирүүсү, андан чыгуу тартибинин өзгөргөндүгү тууралуу эл аралык келишимдерде бекитилген тартипте билдирүүнү ала элек.

Ушуга байланыштуу министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагына кирүүсүнө чектөө коюлушунун бардык кырдаал жана себептери такталганга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарынан Тажикстан Республикасынын аймагына баруу, же Тажикстандын аймагы аркылуу транзит менен башка өлкөлөрдөн келүү, чыгуу сапарларынан убактылуу баш тартууну өтүнөт.

Тажикстан Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары бузулган же аларга карата кысым көрсөтүүлөр көрүнүшү болгон учурда жарандарыбыз Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин жана Кыргыз Республикасынын элчилигинин ыкчам байланыш телефонундоруна кайрылса болот:

+996 551 312 000 - КРнын ТИМнин Консулдук департаменти;

+992887782223 - Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги".

Пикир

Оставить комментарий