• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР ТИМде Германия Бундестагынын делегациясы менен жолугушуу өттү

Саясат 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев «Германия-Борбордук Азия» парламенттик достук тобунун жетекчиси, депутат Ойген Шмидт башында турган Германиянын Бундестагынын делегациясы менен жолугушту.

Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун башында Асеин Исаев парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча түрткү болгон Германиянын Бундестагынын делегациясынын Кыргызстанга болгон сапарынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргызстандын тышкы саясатына токтолгон министрдин биринчи орун басары Борбордук Азияда аймактык кызматташтыкты жана жакшы коңшулаштыкты чыңдоо өлкө үчүн негизги артыкчылык экендигин баса белгиледи. Ал ошондой эле делегацияга Өзбекстан менен болгон чек ара маселелерин жөнгө салуу аяктагандыгы тууралуу маалымат берип, бул эки мамлекеттин лидерлеринин саясий эркинин аркасында мүмкүн болгондугун айтты.

Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүү контекстинде Асеин Исаев германиялык парламентарийлерге Кыргызстандын Германия жана башка мүчө-мамлекеттери менен эки тараптуу мамилелеринин учурдагы аспектилери тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, ал Германияга улуттук саламаттыкты сактоо системасын, кесиптик билим берүүнү жана айлана-чөйрөнү жакшыртууга багытталган программаларды ишке ашырууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Министрдин биринчи орун басары Асеин Исаев Германиянын Федералдык Өкмөтүнө бүгүн, 2023-жылдын 24-февралында ачылган кургак учукка каршы жаңы оорукананын курулушун каржылагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Асеин Исаев кыргыз-герман эки тараптуу кызматташтыгынын мүмкүн болуучу перспективдүү багыттарынын бири катары Кыргызстандын тышкы карызын «жашыл» экономика тармагындагы долбоорлордун ордуна конверсиялоо боюнча мындан аркы биргелешкен иштерди белгиледи. Буга байланыштуу ал Бундестагдын депутаттарынан бул тармакка өзгөчө көңүл бурууну өтүндү.

Өз кезегинде германиялык парламентарийлер Кыргызстандын Борбор Азиядагы орун алган көйгөйлөрдү чечүү аракетин кубатташты. Аймактагы туруктуулук экономикалык бакубаттуулуктун жана чет элдик инвестициянын агымынын ачкычы экендиги баса белгиленди.

Алар өлкөнүн тышкы карызын реструктуризациялоо контекстинде мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендиктерин билдиришип, Кыргызстан Германия үчүн биринчи өлкө болгонун, анын карызынын бир бөлүгү турак жай курулушу жаатындагы долбоорлорду каржылоонун ордуна реструктуризациялангандыгын белгилешти. Ошондой эле, герман тарап Кыргызстанда туризм тармагын, тактап айтканда, альпинизмди өнүктүрүүнүн келечегин баса белгилеп, эл аралык каттамдарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Белгилей кетсек, Бундестагдын парламенттик делегациясы 2023-жылдын 23-февралынан тартып Кыргызстанга келип, Жогорку Кеңеште жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарында жолугушууларды өткөрүүдө. Кошумчалай кетсек, Германиядан келген депутаттар Бишкек шаарында Германиянын федералдык өкмөтү тарабынан каржыланган кургак учукка каршы жаңы оорукананын ачылыш аземине катышышты. 

Пикир

Оставить комментарий