КР ТИМдин 75 жылдыгына арналат: Дипломатия жаатында колдонулган документтерди которуу стратегиясы

Коом 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Баарыбызга белгилүү болгондой, учурда мамлекеттик мекемелерде иш кагаздары жигердүү түрдө мамлекеттик тилде жазылууда. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги дагы Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук Программасын ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазууну жүзөгө ашырып келүүдө. Дипломатиялык кызмат органдарында иш кагаздары мамлекеттик тилде жазылып, керектүү тилдеги расмий эмес котормосу тиркелип өз дарегине жиберилет. Андыктан иш кагаздары бир нече тилге (англис, француз, немис, кытай, япон, корей, араб, фарсы жана башка көптөгөн тилдерге) которулат. Ушуга байланыштуу, биз дипломатия жаатында колдонулган документтерди которуунун ыкмалары, өзгөчөлүктөрү, аларды которууда сактала турган талаптар жана министрликтин мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча аткарып жаткан иштерине токтолуп өтүүнү туура көрдүк.

Негизинен которуу теориясынын башкы милдеттеринин бири болуп, тил каражаттарын, стратегиясын жана ыкмаларды туура колдоно билүү эсептелет. Ийгиликтүү жыйынтык, тагыраак айтканда, текстти сапаттуу которууну ишке ашыруу тандалып алынган которуу стратегиясынан, котормочунун практикалык жана методикалык тажрыйбасынан, ошондой эле аларды иш жүзүндө колдоно билүүсүнөн көз каранды.

Ал эми, дипломатияда документти даярдалган тилден башка тилге которууда, анын маани-маңызын бурмалабай так которуу өзгөчө мааниге ээ. Тажрыйбалуу котормочулар бул талапты так сакташат. Белгилей кетчү жагдай, дипломатия жаатында колдонулган иш кагаздарын которууда, которуу ыкмаларынын ичинен семантикалык ыкма өзгөчө бөлүнүп каралат. Себеби семантикалык котормо, которуу тилинде контекстуалдык маанини максималдуу түрдө толук берүүгө, тексттин түп нускасын сактоого багытталган. Белгилүү болгондой дипломатиялык кызмат органдарында кеңири колдонулган документтерди бир тилден экинчи тилге которууда, которуунун стили жана баяндоо ыкмасы толугу менен түп нускага шайкеш келүүсү жана сөздөрдүн туура тандалып, туура орундарга жайгаштырылуусу аркылуу түп нусканын «маани-маңызы» сакталуусу зарыл. Анткени тышкы саясий ведомстводогу ар бир расмий документ юридикалык күчкө ээ жана кылдаттыкты, сабаттуулукту өзгөчө талап кылат (мыйзамдардын, эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын ж.б.у.с. расмий документтердин которулушу). Андыктан мындай маанилүү документтерди бир тилден экинчи тилге которууда котормочулар тексттин мазмунун жана автордун оюн жакшы түшүнүүсү, бир тилден экинчи тилге которуп жаткан учурда эки тилди бирдей мыкты билүүсү, сөзмө-сөз которуудан оолак болуусу, кептин жалпы колдонулган формаларын пайдалануусу, сөздөрдү туура тандап жана туура орундарга жайгаштыруу аркылуу түп нускасынын «маанисин» сактоосу зарыл.

Албетте, котормочулук стратегия дипломатиялык ишмердүүлүктө кеңири колдонулган документтердин текстинен жана түрүнөн, мазмунунан дагы көз каранды. Документтердин түп нускасы түшүнүктүү, жеткиликтүү жазылса бул которууну өтө эле жеңилдетет. Айрым документтер татаал, жеткиликсиз болгондуктан эквиваленттүү маанисин таап, мазумунун бузбай берүүдө бир топ түйшүктөр жаралат. Андыктан котормочу тексттин максатын, которуу тибин жана мүнөзүн аныктап алуусу зарыл.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, дипломатия жаатында колдонулган документтерди которуудагы айрым өзгөчөлүктөргө токтолуп кетсек, кыргыз тилинде дипломатиялык терминдер башка тилдерден кирген да, ички ресурстарга ылайыкташып, мүчөлөрдүн уланышы менен жигердүү колдонула баштаган. Биз котормодо калькалоо жолун кеңири колдонобуз. Калькалар толук жана жарым-жартылай калька болуп бөлүнөт. Толук калькалоодо сөздөр толук которулат. Мисалы, внешняя политика – тышкы саясат, внутренняя политика – ички саясат, ал эми жарым – жартылай калькаларда терминдердин биринчиси которулбайт да, экинчиси которулат. Мисалы, демографическая политика – демографиялык саясат, консульское учреждение – консулдук мекеме, дипломатическое представительство – дипломатиялык өкүлчүлүк ж.б.

Ошондой эле орус тилиндеги -анти, -меж, -при префикстеринин калькаланышынан улам -каршы, -аралык, - караштуу деген сөздөр да дипломатия жаатында көп колдонулат. Мисалы: ведомстволор аралык, эл аралык уюмдарга караштуу, улуттар аралык жана башка ушу сыяктуу сөздөр. Ал эми айрым дипломатиялык терминдер жана сөз айкаштары экөө тең которулбаган формасында кыргыз тилинин грамматикасына ылайык мүчөлөрдүн уланышы менен колдонулат. Алар: консулдук агент, дипломатиялык акт, консулдук корпус, дипломатиялык ранг ж.б.у.с. Бул дипломатия чөйрөсүндө кеңири колдонулган документтерди которуудагы өзгөчөлүктөр десек да болот.

Дипломатиялык кызмат органдарында кеңири колдонулган олуттуу документтерди компьютердин жардамы менен которуу сунушталбайт. Анткени техника эмоцияларды, тексттин ички кошумча маанисин толук чагылдыра албайт. Албетте айрым гана сөздөрдү же бир кыска сүйлөмдү которууда интернеттин жардамы тийиши мүмкүн, бирок бүтүндөй текстти сапаттуу которуу мүмкүн эмес.

Жогоруда баяндалгандардын алкагында, министрликтин кызматкерлерине сапаттуу которууну ишке ашыруу, мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу боюнча атайын мамлекеттик тилди окутуу үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары ачылган. Ошону менен бирге, министрликтин «Кыргызтест» сынагынан ийгиликтүү өткөн кызматкерлери сертификаттарга ээ болушту. Ошондой эле биздин кызматкерлер “Сабаттуу бол” акциясына дагы жигердүү катышып келишти.

Учурда министрликтин кызматкерлери документтерди мамлекеттик тилде жазууда көмөкчү материал катары колдонуусу үчүн “Дипломатиялык терминдердин жана айтылыштардын кыргызча-орусча-англисче сөздүгү” кайрадан иштелип чыгууда.

Жыйынтыктап жатып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча тынымсыз аракеттерди көрүүнү уланта берерин белгилейбиз.

КР ТИМдин башкы адиси Н.Жусубакунова

Пикир

Оставить комментарий