• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

КР ТИМдин өкүлү Визалык борбордун иши тууралуу айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Бишкекте 24-июлда КР Тышкы иштер министрлигинин Визалык борбору ачылган. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн брифингде Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү – Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев маалымдады.

Анын айтуусунда, Визалык борбор Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жарандарына консулдук кызматтарды узун кезексиз жана узак убакыт күтүүсүз ыңгайлуу шарттарда алууга мүмкүндүк берет.

"Визалык борбордун кызматтарынын тизмесине визаларды тариздөө, алардын жарактуу мөөнөтүн узартуу, визалык колдоолорду (чакырууларды) тариздөө маселелери, ошондой эле документтерди легалдаштыруу жана консулдук эсепке алуу маселелери киргизилген", - деп билдирди ал.

Визалык борбордо видео байкоо жабдыктары орнотулат, ал өз кезегинде иштин транспаренттүүлүгүн жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий