• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ТИМдин өкүлдөрү КМШнын алкагында ТИМ аралык консультацияларга видеоконференция форматында катышты

Саясат 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 13-декабрында КРнын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү КМШнын алкагында «КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтеринин тышкы саясатты пландаштыруу жөнүндө» темасы боюнча Тышкы иштер министрликтери аралык консультацияларга видеоконференция форматында катышты.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, консультациялар Азербайжандын (байкоочу катары), Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын (байкоочу катары), Россиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар стратегиялык жана тышкы саясатты пландаштыруу боюнча улуттук тажрыйбалар жөнүндө баяндап, дүйнөдөгү жана КМШ мейкиндигиндеги кырдаалдын өнүгүүсүнүн негизги тенденциялары боюнча пикир алмашышты.

Кыргыз тарап өзүнүн баяндамасында консультациялардын катышуучуларын тышкы саясат чөйрөсүнө басым жасоо менен КРнын мамлекеттик стратегиялык пландаштыруу практикасы менен тааныштырды. Кыргыз делегациясы ошондой эле катышуучулардын көңүлүн дүйнөдө жана аймакта болуп жаткан негизги процесстерге, анын ичинде COVID-19 пандемиясынын кесепеттерине, климаттын өзгөрүшүнө жана Афганистандагы кырдаалга бурду.

КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер ведомстволорунун өкүлдөрү стратегиялык жана тышкы саясатты пландаштыруу боюнча пикир алмашуунун пайдалуулугун, дүйнөдөгү жана КМШ мейкиндигиндеги кырдаалга баа берүүдөгү мамилелердин шайкештигин жана БУУнун борбордук координациялоочу ролу аркылуу эл аралык мамилелерде эл аралык укуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти.

Консультациялардын жыйынтыгы боюнча протокол кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий