• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ТИМи: Бүгүн кыргыз-австрия дипмамилелеринин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду

Саясат 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул мезгилдин ичинде мамлекеттердин ортосунда ишенимдүү жана достук мамилелер түзүлдү. Бийик жана жогорку деңгээлдеги саясий диалог, ошондой эле мамлекеттердин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык түптөлдү. Кыргызстан менен Австриянын ортосунда негизги макулдашуулар түзүлүп, келишимдик-укуктук базаны бекемдөө жана кеңейтүү боюнча иштер улантылууда. 1993-жылдан бери Кыргызстандын Австриядагы элчилиги иштеп келет.

Соода-экономикалык жана инвестициялык мүнөздөгү маселелер илгерилетилип, алардын өнүгүшүнө эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун тыгыз өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиясынын иши чоң салым кошуп, анын алкагында 7 жолугушуу ийгиликтүү өттү. Маданий-гуманитардык кызматташтык пландуу түрдө өнүгүп, билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүүгө басым жасалууда.

Кыргыз-австрия кызматташтыгынын келечектүү багыттары катары айыл чарба, гидроэнергетика, саламаттык сактоо, туризм, санариптештирүү сыяктуу тармактар каралат.

30 жылдан бери Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасынын ортосунда Европа Биримдигинин, БУУнун жана ЕККУнун алкагында туруктуу диалог калыптанды. Австрия 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өткөн ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумун өткөрүү боюнча Кыргызстандын демилгесин колдоп чыккан. Форумга Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри жетектеген күчтүү өкмөттүк делегация жана 15тен ашык австрия ишкерлеринен турган бизнес делегация катышты.

Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасынын ортосундагы кызматташтык өз ара аракеттенүүнүн бардык чөйрөлөрүндөгү диалогду мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий