• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР ТИМи Беларусь ТИМ башчысынын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларусиянын тышкы иштер министри Владимир Макейдин мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу көңүл айтты.

"КР Тышкы иштер министрлигинин, дипломатиялык органдарынын жана жеке өзүмдүн атымдан Беларусиянын тышкы иштер министри Владимир Владимирович Макейдин мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Катардагы кызматкерден тышкы иштер министрине чейинки узак жолду басып өткөн Владимир Владимирович өзүн улуу патриот, таланттуу жетекчи, көрүнүктүү дипломат жана мамлекеттик ишмер катары көрсөтө алды. Ал кесиптештеринин арасында чексиз бийликке ээ болгон жана эл аралык аренада өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын татыктуу коргогон.

В.В. Макей биздин эсибизде Кыргызстан менен Беларусиянын ортосундагы достуктун жана өз ара колдоонун духунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө көп күч-аракет жумшаган тажрыйбалуу жана даанышман жолдош катары кала берет", - деп айтылат КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин көңүл айтуу катында.

Пикир

Оставить комментарий