• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ТИМ өкүлдөрү «Түштүк-ЭКСПО-2021» эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкесине катышты

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кечээ, 28-сентябрда экономикалык дипломатияны жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КР Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен бирге «Түштүк-ЭКСПО-2021» эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкесине катышты. Бул тууралуу тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмө-жарманке Соода-өнөр жай палатасынын Оштогу аймактык өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган.

Көргөзмөнүн максаты - экономиканын ар кандай тармактарындагы ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукциясын көрсөтүү, потенциалдуу өнөктөштөр менен ишкердик байланыштарды, ошондой эле кызыкдар болгон багыттар боюнча өз ара пайдалуу келишимдерди түзүү.

Көргөзмө-жарманкенин алкагында чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жана өкүлдөрүнүн катышуусунда «Аймактардын интеграциясы жана өнүгүүсү» бизнес-форуму да болуп өттү. Бизнес-форумдун алкагында катышуучулар Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарынын соода-экономикалык потенциалы менен таанышты.

Жыйынтыгында бизнес-форумдун катышуучуларынын атынан резолюция кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий