• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз тарап Стамбулдагы КР жаранынын өлтүрүлүшүн тыкыр көзөмөлгө алат - КР ТИМи

Коом 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Кыргыз тарап Стамбулдагы кыргызстандык жарандын өлтүрүлүшүн тыкыр көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу Башкы консул Л.Сыдыкова жана консулдук кызматкер Текирдаг провинциясынын Черкезкөй районуна барып, жергиликтүү коопсуздук бөлүмүнүн башчысы менен жолугушкан учурда билдирди.

КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 13-октябрында каза болгон 1991-жылы туулган Кыргызстандын жараны М.А.нын өлүмү туурасында кеңири маалымат алуу максатында, министрликтин тапшырмасы боюнча Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Л.Сыдыкова жана консулдук кызматкер Текирдаг провинциясынын Черкезкөй районуна барып, жергиликтүү коопсуздук бөлүмүнүн башчысы менен жолугушкандыгын кошумча маалымдайт.

Башкы консул Л. Сыдыкова иликтөө процессин тездетүүнү сурануу менен бирге, бул иш кыргыз тарабынын тыкыр көзөмөлүндө болорун баса белгиледи.

Алынган маалыматка ылайык, учурда Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын жараны М.А.ны өлтүрүүгө шектүү Түркиянын жараны Ф.А. кармалып, “өзгөчө мыкаачылык менен жасалган адам өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталууда.

Белгиленгендей, Башкы консулдук маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына консулдук-укуктук көмөк көрсөтүүдө.

Бул маселе КР ТИМинин жана Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, 13-октябрда Түркиянын Черкезкөй шаарында 65 жаштагы эркек киши (Түркиянын жараны) 31 жаштагы кыргызстандыкты жиликтеп салганын түркиялык ЖМКлар жазып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий