• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КР ТИМне Өзбекстандын элчиси чакыртылып Ташкентке нота жиберилди

Саясат 0

Бишкек, 07.04.18. /Кабар/. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы болгон окуяга байланыштуу КР Тышкы иштер министрлигине Өзбекстандын элчиси Камил Рашидов чакыртылды. Бул тууралуу КР ТИМнин тышкы саясат бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 7-апрелинде болжол менен саат 8:20 чамасында Аксы районунун Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында өзбек аскер кызматкерлери тарабынан КР жараны 1984-жылы туулган Ф.М., аттуу жаранга ок колдонулган. Ал алган жаракаттан улам Кербен шаардык ооруканасында көз жумган.

“Ушул эле күнү КР ТИМне Өзбекстан Республикасынын КРдеги Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси К.Рашидов чакыртылган. Жолугушуунун жүрүшүндө КР ТИМнин орун басары Н.Абдрахманов окуя тууралуу маалымат берип, элчи К.Рашидовго нотаны тапшырган”,-деп айтылат маалыматта.

КР ТИМ аталган маселени көзөмөлдөп жана эки өлкөнүн тиешелүү кызматтары менен байланышта болуп турат.

Пикир

Оставить комментарий