• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР Токой чарбасы кызматына 75 жыл! Түзүү жана өнүгүү тарыхы

Коом 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. КР Токой кызматынын директорунун орун басары Бактыбек Ырсалиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында токой чарбасынын 75 жылдыгын белгилөө алдында тармактын түзүлүү жана өнүгүү жолуна токтолду.

Анын айтымында, Токой кодексине ылайык республиканын токойлору чөйрөнү коргоо, кыртышты жана сууну коргоо, климатты жөнгө салуу, санитардык-гигиеналык, ден соолукту чыңдоочу функцияларды, ошондой эле климаттын глобалдуу өзгөрүшүнүн кесепеттерин төмөндөтүү функцияларын аткарат.

"Кыргызстандын бардык токойлору өзгөчө баалуу болуп, коргоочу токойлор катары мүнөздөлөт жана басымдуу түрдүк курамына жана өсүү шарттарына жараша 4 түрдөгү: карагайлуу, арчалуу, жаңгак мөмөлүү жана өрөөндүү зонада жайгашкан. Алгач 1947-жылдын 4-апрелиндеги Кыргыз ССРинин Токой чарба министрлиги түзүлгөн. Кыргыз ССРинин Токой чарба министрлиги түзүлгөндөн кийин токой чарбасын жүргүзүүнүн негизги багыты Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында токойлорду калыбына келтирүү болгон жана 1950—2022-жылдардын ичинде 78 миӊ гектар аянт токой каптаган аянтка айландырылган", - деди ал.

Мындан тышкары, директордун орун басары токой чарбасынын олуттуу жана статистикалык маалыматтарына токтолду. Ошентип:

- 1947-1953-жылдар - токой чарбасынын түзүмдүк бөлүмдөрү түзүлгөн мезгили болгон, бири-биринен ажыраган токой чарбалар бир министрликке чогултулуп, 25 токой чарбасы уюштурулган, экме токойлорду өндүрүү жана питомниктерди уюштуруу колго алынган.

- 1953-1996-жылдар - экме токой өндүрүү иштери негизделген жана питомник чарбалары уюштурулган. Ошол кезде токойду аесуз кыюу токтотулуп, токойлорду уруксатсыз кыюулардан коргоо камсыз кылынган.

- 1993-жылы КР Токой кодекси жана Улуттук «Токой» программасы кабыл алынган.

- 1999-жылы жаңы Токой кодекси кабыл алынып, 2004-жылы Кыргызстандын токой чарбасын 2025-жылга чейин өнүктүрүү Концепциясы иштелип чыккан.

- 1930-жылдан 1966-жылга чейинки мезгилде токой каптаган аянт, аны (экинчи дүйнөлүк согушка чейинки жана андан кийинки эл чарбасын калыбына келтирүү үчүн) аесуз кыюулардын кесепетинен 574,2 миң гектарга же 2,91 пайызга кыскарган.

- 1966-жылдан баштап 2020-жылга чейин мыйзамсыз кыюуларды кескин токтотуунун негизинде, токойдун табигый калыбына келүүсүнүн жана экме токойлорду өстүрүүнүн жана аларды токой каптаган аянттарга которуунун натыйжасында республиканын токойлорунун аянты 3,37 пайызга өскөн. 2022-жылы токой фондусун эсепке алуунун жыйынтыгы боюнча республиканын токойлуулугу 6,28 пайызды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий