• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР Транспорт кызматынын атуулдук коргоо штабынын кезектеги жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. КР Транспорт кызматынын атуулдук коргоо штабынын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жыйын 2020-жылдын 14-апрелинде транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдун төрагалыгы алдында өттү.

Анда өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда аткарылып жаткан иштер жана пландар талкууланып, Кыргыз Республикасынын Транспорт кызматынын атуулдук коргоо штабынын катчысынын отчету угулду.

Ошондой «Кыргызтемиржолу» ишканасынын, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жетекчилери өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал маалында аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат беришти.

Министр Ж.Бейшенов жыйындын жүрүшүндө өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал маалында протоколдук тапшырмаларды өз убагында жана так аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий