• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Нью-Йоркто КР тышкы иштер министри БУУнун Башкы катчысынын орун басары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Башкы катчысынын жаңы дайындалган орун басары - Эң аз өнүккөн өлкөлөр, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жана өнүгүп жаткан кичи арал мамлекеттери боюнча жогорку өкүлү Кортни Раттрей менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Р.Казакбаев тоолуу өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөрү жана COVID-19 пандемиясына байланыштуу начарлап кеткен башка шарттар жөнүндө айтып берди. Бул окуялар ички саясий кайра түзүүлөр менен катарлаш өткөнүн белгиледи.

Министр маектешине 2020-жылдын октябрь айынан бери президенттик шайлоо өткөрүлгөнүн, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча жалпы элдик референдум, жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өткөнүн маалымдады. Жогорку Кеңешке шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленгенин айтып, ал өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөрдү жыйынтыктарын билдирди.

Министр Р.Казакбаев Кыргызстан эл аралык аренада деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок, тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарынын активдүү коргоочу болуп келерин белгиледи. Бул контекстте ал Кыргызстандын тоолуу алыскы 1000 айылын колдоо демилгеси тууралуу айтты. Кыргыз тарап эл аралык коомчулуктун колдоосу менен аларды өсүү пунктуна айлантууга ниеттенүсүн белгиледи. Министр бул ыкма келечекте тоолуу аймактарды колдоо үчүн ийгиликтүү үлгү болуп каларына ишенимин билдирди.

Мындан тышкары, Р.Казакбаев быйыл Кыргызстан «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттери» демилгелерин жана анын алкагында 2022-жыл “Эл аралык тоо жылы” деп жарыялоо боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын резолюциясын сунуштоо ниетин билдирди.

Андан тышкары, 2022-жылы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн БУУга мүчө болгондугуна 30 жыл толорун белгилеп өттү. Ушуга байланыштуу, Кыргызстан 2022-жылы Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик кеңешинин алкагында «Борбордук Азия-БУУ» Саммитин өткөрүү демилгеси менен чыгарын билдирди.

Министр К.Раттрейди өзүнүн мандатынын алкагында жогоруда аталган демилгелерди колдоого жана ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Өз кезегинде, К.Раттрей Кыргызстанга тоолорду туруктуу өнүктүрүү, ошондой эле COVID-19 пандемиясын жеңүү жаатындагы ишмердүүлүгүнө жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Ал деңизге чыга албаган тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурууга ниети бар экенин белгиледи. К.Раттрей мандатынын алкагында Кыргызстан менен кеңири кызматташууга даяр экенин маалымдады.

Жыйынтыгында тараптар иштерине ийгилик каалашып, мындан ары жемиштүү кызматташууну улантууга кызыкдар экендерин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий