• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР тышкы иштер министринин орун басары БУУ өкүлү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) Борбордук Азиядагы регионалдык өкүлү Ашита Миттал айым менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУ БКБнын кызматташтыгынын маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты, анда баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, адам сатууга, коррупцияга каршы күрөшүү, ошондой эле улуттук пробация кызматынын потенциалын чыңдоо боюнча долбоорлор камтылган.

Мында, тактап айтканда, эки тараптуу диалогго позитивдүү импульс берүү жана Кыргызстан менен БУУ БКБнын ортосундагы кызматташтыгын кеңейтүү максатында, жолугушуунун алкагында БУУ БКБнын Регионалдык өкүлүнө КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин бул уюмдун мандатынын алкагында ар кандай багыттарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча сунушу менен каты берилди.

БУУ БКБнын Регионалдык өкүлү кыргыз тарабын Ирактан келген балдарды репатриациялоо иши ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткандыгы менен куттуктады жана алардын реабилитациясы жана реинтеграцияланышында Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, БУУ БКБнын өкүлдөрү Кыргызстандын көп тараптуу аянтчалардын, тактап айтканда баңгизаттар боюнча комиссиянын алкагындагы Уюм менен өз ара аракеттенүү деңгээлин оң баалады жана мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеничин билдиришти.

Жолугушуунун аягында, министрдин орун басары Мадмаров Борбордук Азия регионунда коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөдө БУУ БКБнын ролун белгилеп, Кыргызстандын БУУ БКБ менен кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий