• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР Тышкы иштер министрлиги жарандарга Кытай, Япония, Корея, Италия жана Иранга барбай турууну сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 26.02.20./Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги өлкө жарандарына коронавирустун жайылышы менен байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаал турукташканча Кытай, Япония, Корея, Италия жана Иранга барбай турууну сунуштайт.

Министрлик, аталган өлкөдө жүргөн жарандарды эл чогулган жерлерге барбоону жана жергиликтүү бийликтин жана медициналык кызматкерлеринин кеңештерин так аткарууну сунуш кылат.

"КР Тышкы иштер министрлиги жана чет жердеги мекемелери жүргүзгөн иштер Кыргызстандын аймагына коронавирустун келишин жана жайылышын алдын алуу боюнча республикалык штаб тарабынан координацияланууда. Штабдын курамына тармактык министрликтин жана мекемелердин жетекчилери кирген. Ал штабдын ишинин алкагында Кыргызстандагы жана коронавирус катталган өлкөлөрдөгү кырдаал байкоого алынууда. КР Тышкы иштер министрлиги жана чет жердеги мекемелери өнөктөш мамлекеттердин Тышкы иштер министрликтери, чет мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтери менен иштешүүдө", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий