• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“КР УИА кабарлары” илимий журналынын жаңы саны жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 15.03.18 /Кабар/. “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналынын кезектеги санына “Түндүк Тянь-Шанда жайгашкан Көпүрлүсай офиолит комплексиндеги метабазиттердин геохимиясы” аталышындагы изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.

КР УИА басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш КР УИАнын М.Адышев атындагы Геология институтунун окумуштуулары А.Алдакеев, Р.Орозбаев, К.Сакиевдин жана Кытай илимдер академиясын Синьцзян Экология жана география институтунун илимпоздору К.Жоу, В.Що жана М.Сангдын биргелешкен илимий изилдөөсү болуп саналат.

Ошондой эле илимий журналга Р.Оморовдун “Топологиялык сезбестик методу: Синергетикалык системаларга жана хаоско колдонуулары” илимий изилдөөсү, Ф.Пищугин, Б.Сарыбаева жана И.Тулебердиевге таандык “Аскорбин кислотасынын никотинамид жана аминокислоталар менен кошулуусунан пайда болгон азыктар” илимий иши жана Г.Калыкованын “Козу карын илдеттерине каршы күрөшүүнүн химиялык методдору жана анын натыйжалуулугу” деген изилдөөсү жарыяланды.

Андан сырткары “КР УИА кабарлары” илимий басылмасына КР УИАнын академиги Ж.Шаршеналиевдин мамлекеттик бийликтердеги мекемелер менен массалык информациянын социалдык шериктештиги боюнча маселелерди камтыган “Социалдык шериктеш: бизди акылмандуулук гана куткарат” аталышындагы эмгеги жарык көрдү. Ошондой эле журналдагы илимий изилдөөлөрдүн катарын Т.Абдыкасымов, А.Уметалиев жана А.Орозонованын “Санариптик экономика” биргелешкен эмгеги толуктады.

Маалымат үчүн: КРнын Жогорку Аттестациялык комиссиясынын 2016-жылдын 37-декабрындагы №246 токтомуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналына чыккан макалаларга 20 баллдык рейтинг ыйгарылат.

Пикир

Оставить комментарий