• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР УИА жана Бишкек шаарынын мэриясы кызматташат

Коом 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. КР УИАнын жана Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө кол коюлду. Бул тууралуу КР УИАнын басма сөз кызматы билдирди.

Кызматташуу боюнча Меморандумга КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов кол койду.

Аталган Меморандум Улуттук илимдер академиясы менен Бишкек мэриясынын биргеликте Бишкек шаарындагы инфраструктуралык объекттердин абалын жакшыртуу, билим жана агартуучулук, социалдык-экологиялык жана маданий программаларды ишке ашыруу тармагындагы кызматташуусуна багытталат.

Кызматташууда шаарды жашылдандыруу жана экология, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн көбөйтүү жана коргоо, тажрыйба алмашуу, шаар инфраструктурасын өнүктүрүүдө биргелешип аракеттешүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий