• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР УИАда Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун 90 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун 90 жылдыгы белгиленип, ага арналган иш-чаранын алкагында куттуктоолор айтылып, Институтка жана институттун окумуштууларына сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу КР УИАнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мааракеге карата “Филологиянын актуалдуу проблемалары: кыргыз фольклор таануу, тил жана адабият таануу илиминин өнүгүшүндөгү Академиялык илимдин тарыхый орду” аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Мындан сырткары институт тарабынан 90 жыл аралыгында жарык көргөн эмгектердин көргөзмөсү уюштурулуп, институттун тарыхы жана ишмердүүлүгү жөнүндөгү 20 мүнөттүк видеотасма көрсөтүлдү.

КР УИАнын президенти, академик Мурат Джуматаев Тил институтунун түзүлгөн күнүнөн бүгүнкү күнгө чейин тил жана адабият жаатындагы көрүнүктүү эмгектерин жана илимпоздорду белгилеп: “Институттун бүгүнкү күндөгү коллективи ушундай бай тарыхты калтырган улуу муундагы окумуштуулардын эмгектерин эстеп туруп, мындан нары да ошол калыптан жазбай, институттун өнүгүшүнө салым кошот деген ишенимдемин” – деген оюн кошумчалап кетти.

Академик Абдылдажан Акматалиев Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун бир кылымга тете убакытта кыргыз мамлекетинин калыптанышына, өсүп-өнүгүшүнө, илимий кадрлардын даярдалышына, жаштарды адеп-ахлакка тарбиялоодо, эл аралык мамиледе чоң кызмат өтөп келе жатканын белгилеп: “90 жыл аралыгында институт басып өткөн жол учуруна жараша татаал, кыйын ошону менен бирге байсалдуу болду. Бирок, ташыркаган жок. Бүгүнкү күнү да ошол эле жолун жаңы көз караштар менен улантууда. Келечекте да бул салт улана берет деген ишеним бар” – деди.

Иш-чарада КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун 90 жылдык мааракесине байланыштуу окумуштууларды сыйлоо жөнүндө Президиумунун №56 Токтому чыгып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Ошондой эле талыкпаган эмгеги үчүн окумуштууларга КР Жогорку Кеңешинин, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын, КР Өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин, КРнын Профсоюз уюмунун куттуктоолору айтылып, сыйлыктары ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий