• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР УИАнын жаш окумуштуулары Кытай айтматов таануучусу менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 14.12.17 /Кабар/. 2018-жылы Кытайдын Пекин шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган конференция өтөт. Бул тууралуу Кытайдагы Харбин университетинин проректору, профессор Ли Шё КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жаш окумуштуулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, маектешүү учурунда профессор Ли Шё институттун жамаатын жана айтматов таануучуларды улуу жазуучунун чыгармачылыгын Кытай жергесинде жайылтуу боюнча биргелешип иш алып барууга чакырды.

Кытай окумуштуусу 2011-жылдан бери айтматов таанучулук багытында илимий изилдөөлөрүн жүргүзүп келет жана аталган багыт боюнча докторлук диссертациясын жактаган. Ал жазуучунун чыгармаларын изилдөөгө алып, кытай окурмандарына жайылтуу боюнча иш-аракеттерди көрүп жатканын белгилеп: “Менин илимий ишим кытай заманбап адабиятына байланыштуу болгондуктан, Ч.Айтматовдун кытай жазуучуларына тийгизген таасирин изилдеп келем. Эмгектерим мамлекет тарабынан колдоого алынып, учурда ири басмаканалардын биринен басып чыгаруу боюнча келишим түзүлдү. Жазуучунун чыгармаларын которуу улантылып, мурун китептерде “Совет жазуучусу - Ч.Айтматов” “Совет басмасы” деп басылып жүргөн болсо, азыр “Кыргыз жазуучусу”, “Кыргызстан” деген ат менен жарык көрүүдө”, – деди.

Ал эми Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев профессор Ли Шёну Кытайдагы бирден-бир айтматов таануучу катары таанырын белгилеп: “Биз дагы сиздер менен кызматташууга кызыкдарбыз. Сиздер тараптан жарык көргөн жазуучунун чыгармаларын, дагы кошумча ал жөнүндөгү башка изилдөөлөрдү ала алсак көргөзмө уюштуралы деген тилегибиз бар. Андан сырткары келерки жылы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын түзүүдөбүз”, – деп кошумчалады.

Жаш окумуштуулар жолугушуу учурунда кытай илимпозуна улуу жазуучунун аталган өлкөдөгү которулган чыгармаларынын саны, сапаты, ошондой эле бүгүнкү күндөгү жаш жазуучуларга жана окурмандарга тийгизген таасири, мектеп программасына киргизилүүсү, театрларга чыгармаларынын коюлуусу, башка дагы айтматов изилдөөчүлөр барбы деген сыяктуу суроолорду беришти.

Маек учурунда академик А.Акматалиев кытай окумуштуусуна Ч.Айтматовдун элеси чектирилген төш белгини тагып, жазуучу жөнүндө жазылган өзүнүн китептерин белек кылды. Ошондой эле окумуштуу Ли Шё институттагы Ч.Айтматов кабинети менен таанышты.

КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтундагы жаш окумуштуулардын кезектеги жолугушуусу “Замандаш” рубрикасынын алкагында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий