• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР УИАсы Германиялык Конрад Аденауэр атындагы фонддун өкүлдөрүн кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 23.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев Конрад Аденауэр атындагы фонддун (Германия) Борбор Азия боюнча регионалдык ыйгарым укуктуу өкүлү Томас Кунцени кабыл алды. Жолугушууда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлуп, долбоорлор аркылуу биргеликте иштешүүгө байланышкан сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул тууралуу КР УИА маалыматтык бөлүмү билдирди.

КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев кызматташуунун келечеги жөнүндө айтып жатып: “Илимдер академиясы фонддун Кыргызстандагы координаторуна айлануу менен башка тармактар үчүн дагы пайдалуу шарттарды түзүп бере алса деген ниеттебиз”, - деди.

Ал эми аталган фонддун ыйгарым укуктуу өкүлү Томас Кунце сапарынын негизги максаты КР УИАсы менен иштешүү экенин билдирип: “Германия менен кызматташуу боюнча сунуштар болсо биздин фонд ортодо көпүрө болуп берүүгө ар дайым даяр”, - деген оюн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий