• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР УИАсы Өзбекстан илимдер академиясына иш сапары менен барды

Коом 0

Бишкек, 07.05.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан президент, академик Мурат Жуматаев башында турган делегация 2-майдан 4-майга чейин атайын иш сапар менен Өзбекстан Республикасынын илимдер академиясында болду. Бул тууралуу КР УИА маалымат кызматы билдирди.

Өзбекстан илимдер академиясынын президенти Бекзод Юлдашевдин чакыруусу менен барган делегация аталган академиянын Геномика жана биоинформатика борборунун, академик С.Юнусов атындагы Өсүүчү заттардын химиясы институтунун, Материал таануу институтунун, Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун жана Өзбекстандын мамлекеттик тарых музейинин ишмердүүлүгү менен таанышып, илимдин гуманитардык, так жана физика-математикалык багыттары боюнча иштешүү, жакынкы жылдардагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле “Жол картасын” түзүү менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүп туруу, илимий кадрларды даярдоо максатында мамлекеттер аралык диссертациялык кеңеш түзүү демилгеси да көтөрүлдү.

КР УИАнын президенти, академик М.Жуматаев коңшу өлкөнүн илимпоздору эл аралык кызматташтыкта негизги өнөктөш катары кыргыз окумуштууларын көрүп жатканын белгилеп: “Макулдашуулар боюнча КР УИАнын институттары Өзбекстан илимдер академиясынын илимий багыты боюнча тектеш келген институттары менен иштешүүнүн алгылыктуу жолун тандап алып, Меморандум иштеп чыгышы керек болууда. Бул маселени коңшу тарап дагы аткарат. Өз кезегинде ал долбоорлор менен андан аркы иш алып баруудагы юридикалык аянтча болуп калат. Меморандумдар эки айлык убакыттын ичинде даярдалып бүтсө, август айындагы Б.Юлдашев башында турган делегациянын Кыргызстанга келиши менен бекитилет деген ниеттебиз”, - деди.

Ал эми Б. Юлдашев бул жолугушууну тарыхый учур катары жогору баалап: “Бүгүнкү жолугушуу - эки өлкө эгемендүүлүктү алгандан берки, 28 жылдын ичиндеги алгачкы жана маанилүү жолугушуусу болууда. Кызматташуубуздун натыйжалуулугун мындан да арттыруу максатында “КЫРУЗАН” деген аталыш менен жылына бир жолу конкреттүү бир темага арналган отурумдарды уюштуруп турууну сунуштаймын”, - деген оюн айтты.

Эки тараптуу жолугушууга КР УИАнын президенти, академик М.Жуматаев, КР УИАнын башкы окумуштуу катчысы Б.Дженбаев, КР УИАнын президентинин кеңешчиси Ч.Койчуманова, КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн Гуманитардык жана регионалдык изилдөөлөр институтунун директору Т.Өмүрзакова, Өзбекстан Республикасынын президенти Б.Юлдашев, Вице-президенттери – С.Мирзаев, Б.Ибрагимов, Б.Абдухалимов жана Башкы окумуштуу катчысы Г.Бахадиров катышты.

Пикир

Оставить комментарий