• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УКМК Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги Бекташов Курсанбек Урбаевич ээлеген кызматынан бошотулду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси менен Маралбаев Марат Мелисбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин
Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий