• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Миң-Булак айыл аймагынын башчысы пара менен кармалды

Аймак 0


Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук ккопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Т.Т.Т. тарабынан “Лабиринт” ЖЧКсынын башкы директору А.А.дан Нарын районунун Куйбышев айылындагы бала бакчанын тегерегине брусчатка төшөө боюнча келишим түзүү маселесин оң жагына чечүү үчүн 20 миң сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган.

"Лабиринт" ЖЧКсынын башкы директору А.А. алдын ала мурда “Мбанк” мобилдик тиркемеси боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын талабы менен Т.Т.Т.га 8 миң сом суммасында акча каражат которулган.

2023-жылдын 25-майында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө ("Опузалап пара алуу") каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, пара алуу учурунда - калган 12 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Т.Т.Т. кармалды.

Атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.Т.Т.дан 12 миң сом акча каражаты табылып, мыйзамда белгиленген тартипте документтештирилди.

Учурда Т.Т.Тнын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий