• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

КР Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,75% деңгээлинде калтырды

Экономика 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,75% деңгээлде сактады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында КР УБ төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда инфляциянын төмөнкү деңгээлде сакталуусу уланууда.

“Инфляция 2018-жылдын август айында ушул жылдын январь айындагы 3,2 пайыздан төмөндөө менен жылдык мааниде 1,0 пайызды түздү. Инфляциянын төмөндөгөн динамикасы азык-түлүк рыногунда түзүлгөн жагымдуу жагдайдан улам, мурдагы чейрек ичинде төмөндөгөн сыяктуу эле азык-түлүк товарларына баалардын төмөндөшү менен шартталган. Өлкөнүн экономикасындагы жагдайларга, тышкы чөйрөнүн өнүгүшүнө баа берүү орто мөөнөткө каралган мезгил ичинде инфляциянын динамикасын максаттуу көрсөткүчтүн чегинде 5-7 пайыз деңгээлинде болушун күтүүгө мүмкүндүк берет”, - деп билдирди ал.

2018-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДП 0,2% кыскарган, ошол эле кезде “Кумтөр” кенин эсепке албаганда, экономиканын өсүшү 2,2%ды түзгөн.

"Экономиканын алгылыктуу өсүшү айыл-чарба, курулуш, соода жана транспорт тармактарында байкалат. Экономиканын өнүгүшүнө салым, акча которуулардын улам өсүшүнүн эсебинен сыяктуу эле (2018-жылдын январь-июнь айларында өлкөгөкелип түшкөн акча которуулардын таза агымы 10,2 пайызга өскөн) эмгек акыны айкын жогорулатуунун эсебинен да (эмгек акынын айкын өсүшү 2018-жылдын январь-июнь айларында 4,2 пайызды түзгөн) чогуу алынган суроо-талаптарды калыбына келтирүү менен камсыздалат", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий