• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайыз деңгээлинде калтырды

Экономика 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 25 базистик пунктка 4,75 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, аталган чечим үстүбүздөгү жылдын 29-майында күчүнө кирди.

“Кыргызстанда инфиляция төмөн деңгээлде чектелип турууда. 2018-жылдын май айынын ичинде инфиляциянын жылдык мааниси жыл башындагы 3,7 пайыздан төмөндөп отуруп, 1,6 пайызды түзгөн. Баанын төмөндөшү товарлардын азык-түлүк тобу боюнча жүрүүдө, бул эл аралык азык-түлүк рыногунда алгылыктуу жагдайдын сакталышы менен шартталган. Азык-түлүккө, анын ичинде импорттолуп алынгандарга баанын туруктуу сакталышы менен катар эле, ички суроо-талаптын учурунда калыбына келип жатышы орто мөөнөттүк мезгил ичинде баанын акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчүндө – 5-7 пайыз чегинде сакталарына өбөлгө түзөт”,-деп билдирди ал.

КРУБнын төрагасы билдиргендей, Кыргызстандын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө калыптанган экономикалык жагдай жана алардын келечек багыты республиканын экономикалык өнүгүшү үчүн алгылыктуу өбөлгөлөрдү түзүү менен өсүш тенденциясынын сакталып калышын бекемдөөдө.

Абдыгулов билдиргендей, 2018-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча ачык ички дүң өнүм 1,3 пайызга, ал эми “Кумтөр” алтын-кенин казып алуу ишканаларындагы маалыматтарды эске албаганда 2,5 пайызга өскөн. Экономиканын негизги секторлорунда өндүрүштүн күч алышы байкалууда. 2018-жылы өлкө экономикасынын реалдуу сектору потенциалдуу деңгээлге чейин жеткен өсүштү тастыктоодо.

Пикир

Оставить комментарий