• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде калтырды

Экономика 0


Бишкек, 28-февраль /Кабар/. КР Улуттук банкынын башкармалыгы жакында эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө учурда орточо инфляциялык динамиканын сакталып турушу байкалууда. 2017-жылдын 17-февралына карата инфляция жылдык туюндурууда 1,2 деңгээлинде калыптанган. 2016-жыл ичинде азык-түлүк тобуна кирген товарларды сунуштоонун жогору болушу ички азык-түлүк баасына төмөндөтүүчү басым жасаган. Ушул жылдын баш жагында ички суроо-талаптын жандануусу алкагында азык-түлүккө баа алгылыктуу чекке ыктаган. Ошону менен бирге эле, азык-түлүктөн башка товарлар тобундагы товарлар боюнча инфляциялык инерция басаңдаганы байкалган.

“Ички керектөөнүн жигеринин артышы алкагында өлкөдө экономикалык активдүүлүктүн калыбына келиши жүрүүдө. Айыл чарбасындагы алгылыктуу көрсөткүчтөр, ошондой эле соода жүргүзүү секторундагы өсүштүн сакталышы ички дүң өнүмдүн 2017-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча 7,9 пайызга өсүшүн шарттаган. “Кумтөр” алтын кен ишканаларын эске албаганда, экономиканын өсүшү 5 пайыз чегинде катталган. Улуттук банктын берген баасына ылайык белгиленген факторлор жыл акырына чейин сакталган шартта, ички дүң өнүмдүн алгылыктуу өсүш арымы уланып, ал келерки инфляциянын алгылыктуу чекте калыптанышына таасир этет”,-деди Н.Жеңиш.

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмүн кароого алган кийинки отуруму 2017-жылдын 27-мартына пландаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий